Жаңылыктар
Тыныбекова Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту
Спорт
Тыныбекова Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль алды. Бул туурасында спортчу өзү Instagram баракчасына жарыялады. "Yasar Dogu 2020" турнири 10-12-январь күндөрү Стамбул шаарында өттү. 

Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты. Ал финалдык беттеште азербайжандык Татьяна Омельченко менен беттешти. Кыргызстандык спортчу биринчи бөлүктү 5:0 эсеби менен жыйынтыктады. Ал эми экинчи бөлүк башталгандан бир мүнөт өтпөй атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады. 

Мындан сырткары, дагы бир алтын медалды 59 килограмм салмак категориясы боюнча күрөшкөн Назира Марсбек кызы алды. Ал эми 76 килограмм менен чыккан Айпери Медет кызы 3-орунга ээ болду.