Жаңылыктар
Бишкекте шахмат боюнча өлкө биринчилиги аяктады
Спорт
Бишкекте шахмат боюнча өлкө биринчилиги аяктады

Бишкекте шахмат боюнча өлкө биринчилиги аяктады. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди. Мелдешке жети жаш курак менен жалпы 220га жакын спортчу катышты. Өспүрүмдөр арасында мыктылардын катарында Дастан Жеңишбеков, Амир Шаршеналиев, Алинур Касымов, Амир Султангазиев, Элдияр Орозбаев, Адилет Замирбек уулу жана Алтай Акматов болушту. Ал эми кыздар арасында Аяна Токтаалиева, Нураим Жакыпова, Аэлина Кудайбергенова, Азема Токтобекова, Айжылдыз Эсенбек кызы, Асель Алтынбек кызы жана Элиза Касымова бар. Биринчиликтин негизги максаты - республиканын курамасын түзүп, эл аралык мелдештерге катышуу болуп саналат.