Жаңылыктар
Имамдар коомчукка пайдалуу иштерди көбүрөөк жасоону кеңешишти
Дин
Имамдар коомчукка пайдалуу иштерди көбүрөөк жасоону кеңешишти

Чүй облусунунун жана Бишкек шаарынын имамдары коомчукка пайдалуу иштерди көбүрөөк жасап туралы деп кеңешти.

Кыргызстандагы мусулмандардын саны өлкөдөгү башка диндин өкүлдөрүнө караганда кыйла басымдуу кылгандыктан коомдогу тынчтыкты, ынтымак менен биримдикти сактап калууда ролу өтө жогору. Мындан улам Чүй облусундагы имамдар менен Бишкек шаарындагы медреселердин өкүлдөрү Бишкекке чогулуп, диний окуу жайлардын акыбалы, анда тарбияланып жаткандардын максат, милдеттери, алардын келечегине шарт түзүү маселесин талкуулашты. Коомчулукта мыкты демилгелерди көтөрүп, коомго пайдалуу боло турган иштерди жасап туруу боюнча бир топ кызыктуу демилгелер көтөрүлдү.

“Мисалы медреселерде окуган жаштар менен мектепте окуган окуучулардын карым-катышын жакшыртып, ортодо толеранттуулук, достук мамиле өөрчүтсө, ортодо пикир алмашуу жакшырып, жаштарды терроризм, экстремизм азгырыктарынан сактап турат. Анткени ислам дини өзү тынчтыктын дини болгондуктан медреселерде эң биринчи террор менен экстремисттик уюмдардын кесепети тууралуу жакшы окутулат. Мындай байланышты чыңдоо максатында күзүндө мектеп окуучулары менен медреседе окуган эркек балдар арасында спорттук мелдештер өтүп, сергек жашоого, ынтымакка үндөгөн иш-чаралар күчөдү. Кыздар арасында болсо коомдогу актуалдуу маселелерди бирге отуруп талкуулаган дискуссиялар уюштурулууда. Мындай тажрыйба алмашуунун жыйынтыгы жакшы натыйжа берип, светтик мектепте билим алган балдардын тарбиясы оң жагына өзгөрүшүнө дагы таасирин тийгизип жатканы” – айтылды. Бул тууралуу “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” деп аталган долбоордун менеджери Данияр Жасоолов маалымдады.

Анын айтымында азыр медреселердеги билим берген жагдай азыр бир топ жакшы жагына өзгөрүүдө. 2014-жылдан бери АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Кыргызстандын жети облусунун аймагынан 28 медресе тандалып алынып, аларга тогуз кесип боюнча кыска мөөнөтө бүтүп чыга турган адистиктер үйрөтүлүүдө. Беш жылга созулган гранттык долбоордун алкагында 1756 өспүрүм балдар менен кыздар кесип үйрөнүп, колдоруна сертификат алып чыгышты.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешовдун айтымында: “Бул сан оңой эмес көрсөткүч. Себеби азыр ошончо бала колуна кесипке ээ болгону тууралуу сертификатын алып өзү тандаган багыт боюнча иштеп кеткенге мүмкүнчүлүк ачылып отурат. Алардын ар бири 10 миң сомдун айланасында эле маяна алып иштеп, үй-бүлөсүн бакканга салым кошсо чоң колдоо болуп жатпайбы. Мисалы тигүүчү, ашпозчу болуп иштеген балдар, кыздардын алды азыр 25-30 миң сомго чейин айлык алып жатышат. Бул деген коомдун өнүгүшүнө, жумушсуздук менен күрөшүүгө, жаштарды иш менен камсыз кылууга олуттуу салымын кошкон мыкты долбоор болуп жатат” – деп белгилейт.