Жаңылыктар
Мектептерде акыркы коңгуроо 27-майда кагылат
Билим
Мектептерде акыркы коңгуроо 27-майда кагылат

Акыркы коңгуроо республика мектептеринде 27-майда кагылат. Бул Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталган. Анткени, мектептердеги кышкы эс алуу бир айга чейин созулган. 

Ошондуктан мамлекеттик талапты аткаруу максатында салттуу болуп калган 25-майда белгиленүүчү акыркы коңгуроону мекеме эки күнгө жылдырганын билдирди. Тиешелүү министрликтин буйругу менен салтанаттуу иш-чара 27-майда өткөрүлөт.