Жаңылыктар
Быйыл "Санарип аймак" платформасы иштеп баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл "Санарип аймак" платформасы иштеп баштайт

Маалыматтык технология өнүккөн глобалдашуу доорунда, Кыргызстанда да санариптик трансформация алыскы айылдарга чейин жеткирилет. Жаз айларынан тартып, “Санарип аймак” платформасы иштеп баштамакчы. Азырынча бир катар айыл өкмөттөрүнө пилоттук долбоор катары киргизилсе , жыл соңуна чейин бүтүндөй өлкөнү камтыйт. 

Ленин айыл өкмөтүндө он эки миңден ашуун тургун жашайт. Ар бир түтүндүн чарба китепчесин толтуруу, тургундарды каттоого алуу, каттоодон чыгаруу, маалымкат берүү жана башка ушул сындуу статистикалык маалыматтарды алуу жооптуу катчынын негизги милдети. Тиешелүү органдар талап кылган маалымкаттарды алуу үчүн бир күндө эле отуздан элүүгө чейин жаран кайрылат. 

Андан тышкары ар бир түтүнгө ачылган чарба китептери беш жылга гана түзүлөт. Андан соң кайрадан жаңы китепче ачып, башынан жазып чыгуу керек. Автоматташтырылган маалыматтык тутум иштеп баштаса кызматкер мындай түйшүктөн арылмакчы. Колго толтурулган маалыматтын баары электрондук форматка өтүп, бирдиктүү базага киргизилет. 

Базага киргизилген маалыматты башка органдар да ала алат. Маселен, насыя алуу үчүн банкка кайралганда жашаган жериңизден маалымкат талап кылынат, ал эми айыл чарба багытында насыя алып жатсаңыз мал жандыгыңыз, чарбаңыз, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүңүз, үлүш жериңиз тууралуу маалыматты сурашат. Эгерде “Санарип аймак” платформасы иштеп баштаса банктар же андан башка маалымкат талап кылган мекемелер өздөрү эле базадан алып алышса болот. 

Долбоорду ишке ашырууну "Инфоком" мамлекеттик ишканасы жеңип алган. Учурда пилоттук тартипте 8 айыл өкмөткө киргизилсе, жыл соңуна чейин бардык айыл өкмөттөр кошулат. “Санарип аймак” платформасын ишке ашыруунун негизги максаты аймактардагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү автоматташтырып, адам факторун азайтуу. Анан албетте, санариптешүү аркылуу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү.