Жаңылыктар
Медицинадагы санариптүү технология
Кыргызстан жаңылыктары
Медицинадагы санариптүү технология

Өткөн жылы Ош облусунун аймагында 1 жашка чейинки наристелердин өлүмү азайган. Балдар арасындагы ар кандай оорулардын алдын алууда ыкчам медициналык кызмат көрсөтүүнүн иши жогорулаган. Буга балдар ооруканасына киргизилген “Ыкчам онлайн медицинанын” таасири чоң.

Байланыш ушул экран аркылуу жүрөт. Аймактык дарыгерлер, түз эфирде бейтаптын саламаттыгы туурасында кенен маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Натыйжада, ыкчам аракеттерди ишке ашырууга шарт түзүлөт. Бейтаптын абалы оор учурда борбордук клиникага алынып келинет. Долбоорго Оштогу 7 район туташты. Кошумча коңшу- Жалал-Абад, Баткен облустарын да камтуу мерчемделүүдө. Медицина тармагына киргизилген санариптүү технологиянын жардамы менен акыркы 8 айдын ичинде балдар өлүмү кыскарган. 

Ошондой эле, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда пилоттук негизде электрондук кезек ыкмасы киргизилди. Санариптүү технологиянын алкагында, келишимдик негизде иш алып барган дарыканалар электрондук рецепке өткөн. Облустун 7 районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору толук интернет менен камсыздалган. Айылдагы эмканаларды быйыл биринчи кварталга чейин туташтыруу мерчемделген.