Жаңылыктар
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы сегиз жол чырагын орнотуу иштерин пландаштырууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы сегиз жол чырагын орнотуу иштерин пландаштырууда

Мамлекеттик сатып алуулар сайтында, 3 миллион 74 миң сом суммадагы тендер жарыяланган. Ага катышуу үчүн арыздар ушул жылдын 16-январына чейин кабыл алынат. Жаңы жол чырактар үчүн 4 миллион 100 миң сом каралган. Тийиштүү иштер аяктагандан кийин объектти Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын монтаж-эксплутациялык башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилет. 

Бишкек шаарындагы транспорттук жол чырак Щербаков менен Орозбеков, Ауэзов менен Көлбаев, Садыгалиев менен Жамгырчинов, Дэн Сяопин менен Костанай жана Асаналиев менен Алтымышев көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулат. Ал эми жөө жүргүнчүлөр үчүн Махатма Ганди көчөсүндөгү ИСИТОнун же билим берүүдөгү заманбап маалыматтык-технология инситутунун маңдайына, 7-апрель көчөсү - Улан-2 кичирайонунун маңдайына, №4 кичирайону - №17 мектептин жанына жол чырактары коюлат. Транспорт башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2020-жылга карата план боюнча 49 жол чырагы коюлат.