Жаңылыктар
Чоң энесин бычактаган небере кармалды
Кылмыш
Чоң энесин бычактаган небере кармалды

Өзгөндө чоң энесин бычактап качып кеткен 22 жаштагы жаран кармалып, Өзгөн райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Ал шектүү былтыр 12-декабрда чоң энесинен акча сурап, бере албаганда ашкана  бычагы менен сайып, качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам Өзгөн  районунун аймактык ооруканасына жеткирилген болчу. 

Буга чейин маалым болгондой, Өзгөн районунун тургуну акчанын айынан чоң энесин көкүрөк тушка бычак сайып, качып кеткен. 74 жаштагы жабырлануучу Өзгөн аймактык ооруканасында дарыланып жаткырылган. 

Ош облустук милициясынан кабарлашкандай, 22 жаштагы шектүү жаран 10-январда колго түшүп, учурда Өзгөн райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынды.

Асанбек Пазыл, "Биринч радио"