Жаңылыктар
Мектептеги шаан-шөкөттөргө тыюу салынат
Билим
Мектептеги шаан-шөкөттөргө тыюу салынат

Акыркы коңгуроого байланышкан майрамдык кечени кафе, ресторандарда уюштурган жетекчилерге чара көрүлөт. Ошондой эле, ата-энелери менен тоого чыгууга, же көлгө барууга тыюу салынды.

Күбөлүктөрдү тапшыруу аземи мектептеги чогулуш менен чектелет,- дейт Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева. 

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, мектеп кечелеринен жылына бир жарым миңдей бала каза болот. Ошондуктан мындай иш-чаралар тиешелүү министрликтер тарабынан катуу көзөмөлгө алынат.