Жаңылыктар
Эгизинин паспорту менен Москвадан Ошко келген жаран кармалды
Кылмыш
Эгизинин паспорту менен Москвадан Ошко келген жаран кармалды

«Ош аэропорту» көзөмөл-өткөрмө пунктундагы чек арачылар тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жигит кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын 1999-жылы туулган А.У. аттуу жараны Москва—Ош каттамы менен учуп келген. Паспорттук көзөмөлдөн өтүп жаткан учурда ал чек ара кызматкерине жалпы жарандык паспортту көрсөткөн.

Документти текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жаран эгизинин паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылганы аныкталды. Алардын бет түзүлүшүнүн кээ бир жерлери гана айырмаланбаса, экөө абдан окшош болгон. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.