Жаңылыктар
«Акыл ордо»: «Жети дубан таймашы» аттуу сынак өттү
Билим
«Акыл ордо»: «Жети дубан таймашы» аттуу сынак өттү

«Тарых жана маданият» жылына карата «Келечек+» гезити жана КТРК каналынын «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну менен биргеликте «Жети дубан таймашы» аттуу сынак өткөрүп жатат. Буга чейин кѳбүнчѳ «Акыл ордо» оюнуна Чүй, Бишкек шаарынын окуучулары катышып келген. Азыр болсо  жети областан 36 райондун окуучулары катышып жатат.

Сынактын шарты боюнча ар бир райондон, учурда 10-класста окуп жаткан бирден гана окуучу катыша алат (кыргыз класста окуган). Ар бир район өкүлдөрү кастинг ѳткѳрүп, райондун намысын коргой турган бирден окуучу тандап алат. Эң мыктыларды супер финалда кѳрѳсүз.