Жаңылыктар
Өлкө аймактарындагы долбоорлорду каржылоо артыкчылыктуу багыт
Саясат
Өлкө аймактарындагы долбоорлорду каржылоо артыкчылыктуу багыт

Өлкөнүн каржы институттары былтыр аймактардагы долбоорлорго каржылоонун көлөмүн көбөйттү. Айрыкча айыл чарба багытына, эт, сүт, жүн жана булгаарыны кайра иштетүү жана аларды чет мамлекеттерге экспорттоого басым жасалды. Бул тууралуу өлкөнүн каржы институттарынын жетекчилери Президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда айтып беришти. Экспортто багытталган айыл чарба азыктарынын көлөмүн көбөйтүү жана дыйкан, фермерлерге каржылык колдоо көрсөтүү быйыл дагы артыкчылыктуу багыт болуп кала бермекчи.

Күтүлгөндөй эле Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду өткөн жылы насыянын эң көп бөлүгүн айыл чарба тармагына жумшаган. Мындан сырткары туризм, кайра иштетүү, экспортко багытталган ишканаларды колдоого артыкчылык берилди. Фонд тарабынан жалпы каржылоонун көлөмү 400 млн долларга жакындады, анын дээрлик 90 пайызы аймактардагы долбоорлорго берилген.

379 млн доллар каржыларынды, 3,2 болугу агроонр жай, туризм кайра иштетууго жумшалды. 77 млн долларга долбоор жактырылды. Откон жылы стартап каржылоо долбоору баштады, Баткен талас Нарын. 2020-жылы бул долбоорду толук ишке ашыруу бардык аймактарда. 20-жылга 105 млн долларга чейин кобойтуу, 15 млн узак мооноттуу средний бизнести колдоо. 90 млн башка банктар менен бирге каржылайбыз.

2020-жылы класстердик программаларды каржылоону жогорулатуу да колго алынып, анын негизинде айыл чарба азыктарын өндүргөндөн баштап, дүкөндүн текчесине жеткенге чейинки процесстер көзөмөлгө алынат. Президенттин тапшырмасы менен былтыр Кепилдик фонду да берилген кепилдиктердин 90 пайызын аймактарга бурган. Айыл жерлеринде мал чарбачылыгын, эт, сүт азыктарын, тери, жүндү кайра иштетип, экспортко чыгаруу актуалдуу маселе болуп калууда.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетууго конул бургула, тери жун сутту кайра иштеткиле деди, айрыкча айыл жеринде. Мал чарбачылыгын экспортко чыгарууну талап кылган, экспорттун санын кобойтсок анан мал чарбачылыгы онугот. 946 долбоорду 921 млн сомго, банктар болсо 2 млрд 900 мин насыя беришти. Был жылы 3 млрд болот. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, кепилдик фонду, Айыл банк жана РСК банктын төрагаларын кабыл алды. Каржы институттарынын жетекчилери менен жолугушууда өткөн жылдын жыйынтыктары чыгарылып, жаңы жылга карата иш-чаралардын планы талкууланды. Президент каржы институттарынын ишмердигинин негизи кайра иштетүү, тигүү-текстиль жана туризм тармагын колдоо, ошондой эле кичи энергетика долбоорлору менен соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү экенин белгиледи. Кайра иштетүү, анын ичинен айыл жергесинде негизги сырье болгон эт, сүт, жүн жана терини кайра иштетүү негизги багыт. Бул багыттарды колдоо аймактарда жаңы жумушчу орундарынын түзүүгө, ички миграцияны төмөндөтүүгө көмөктөшөт. Андыктан жер-жерлердеги долбоорлорду ишке ашырууда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербестен, жеңилдетилген насыяларга муктаж ишкерлерге колдоо көрсөтүү маанилүү», - деп белгиледи президент. 2019-жылы насыянын эң көп бөлүгү Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан берилген.

8,5 млрд сом ишкерлерди еолдоо учун берилди. 10 минден ашуун кардарлар айыл чарба, ондуруш, экспортко багытталган, же импртко негизделгенди экспкортко алмаштыруу журду. Туштукто пахтаны кайра иштетуучу долбоорду каржыладык. Осуш 20 пайыздан коп болду, ОШ жанан абада бир чон долбоор каржыланды. Ошто пахта, Жалал абадда консерва, Баткенде комур, Ысык-Колдо сутту кайра иштетуу. Жакында кытайга чыгабыз деп жатат. Андыктан алдыдагы жылдары багбанчылык, айыл чарба азыктарын көлөмүн көбөйтүүгө артыкчылык берилмекчи. Анын ичинен кыргыз балы, төө буурчак, кургатылган мөмө жемиш, күрүч сыяктуу экспортко багытталган азыктарды кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө артыкчылык берилет. Адистер бул багыттагы долбоорлорду каржылоого каржы институттарынын салымы чоң экенин белгилешет.

2020-жылы дагы каржы институттарынын ишмердиги аймактарды өнүктүрүүнү жакшыртууга багытталышы керектигин өлкө башчысы өзгөчө белгиледи. Облустарда насыялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну, алыскы жана чек арага жакын долбоорлорду каржылоону күчөтүү зарылдыгына көңүл буруп, банк кызматтарын санариптештирүү боюнча иштерди улантууга чакырды.