Жаңылыктар
Соңку жылдары Кыргызстанда кум шекер менен сүттүн импорту азайды
Экономика
Соңку жылдары Кыргызстанда кум шекер менен сүттүн импорту азайды

Соңку жылдары Кыргызстанда кум шекер менен сүттүн импорту азайды. Анын себеби атамекендик дыйкандар менен фермерлер ички рыноктун суроо-талабын аткарууга басым жасап жатат, - дейт Айыл чарба министрлигинен. Ошол эле учурда экспорттун көрсөткүчү жогорулоодо.

Кыргызстан ушул тапта дүйнөнүн 132 мамлекети менен соода-экономикалык байланышта. Ошол эле учурда 126 мамлекеттен чет элдик товарларды импорттоп, 86 өлкөнүн рыногуна өндүргөн продукциясын экспортко чыгарат. Былтыр тамак-аш жана өнөр жай, кайра иштетүү ишканаларынын импорттук көрсөткүчү он айда 37 млрд сомду түзгөн. Өлкөгө эң көп көлөмдө импорттолгон товардын бири бул - эт азыктары.

Ошол эле учурда жыл өткөн сайын импорттун көлөмү миллион долларга азайып тескерисинче экспорттун көрсөткүчү кыйла жогорулап жатат. Мунун себеби кайра иштетүүчү ишканалардын ачылып жатканы. Былтыр экспорттун көлөмү 27 пайызга жогорулап, 224 млн долларды түзгөн. Ал эми импорт 9 пайызга көбөйүп, 532 млн доллар болгон. Ошондо айыл чарба азыктарын кайра иштетип сыртка сатуу январь-октябрь айларында 662 млн долларды түзгөн. Эксперттердин пикиринде продукциянын экспорттук көрсөткүчүн жогорулатып, импортту азайтуу өлкөнүн экономикасы үчүн абдан маанилүү.
Ал эми ЕАЭБдин ичинде Кыргызстан көп көлөмдө соода сатыкты Россия менен жүргүзөт. Бул көрсөткүч 60 %ды түзөт. Кийинки сапта 37% менен Казакстандын рыногу турат.