Жаңылыктар
Улуттун сыймыгы болгон мамлекеттик гербге 26 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттун сыймыгы болгон мамлекеттик гербге 26 жыл

Кыргызстандын мамлекеттик гербине 26 жыл болду. Туу, гимн, герб сыяктуу мамлекеттик атрибуттардын баары өлкө эгемендүүлүккө ээ болгон учурда, легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган. Улуттун сыймыгы болгон гербди түзүүгө толугу менен эки жыл кеткен. Мамлекеттин белгисин жаратуучулардын бири менен биздин чыгармачыл топ баарлашып келди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин кабыл алынганына бүгүн 26 жыл толду. Өлкөнүн үч атрибутунун бири болгон герб 1994-жылдын дал ушул 14-январында Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Анын авторлорунун бири- Асеин Абдраев жана Садырбек Дубанаев. Белгилүү болгондой гербге Манастын ак шумкары, касиеттүү Ысык-Көл, ата-бабабыз мекендеген Ала-Тоо, Кыргызстандын кен байлыктары жана кийинчерээк буудай менен пахтанын сүрөтү кошулган. Жетинин бири кыдыр,- деп бардыгы жетиден чагылдырылган...)
 Буудай менен пахта байгерликти айгинелеп турса, чыгып келе жаткан алтын желелүү күндүн нуру мамлекеттин жолуна жарык чачып түбөлүктүүлүк менен бейпилчиликти туюнтуп турат. Ал эми тоо чокулары кыргыз элинин ак калпагы сыяктанат.

Жаңы гербди иштеп чыгуу боюнча 1992-жылы сынак жарыяланып, анда республикадан 2 миң 234 гербдин үлгүсү келип түшкөн. Анын баары сыноо үчүн Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине илинген. Эки жыл ичинде бардыгы 53 вариант тартылды Асейин Абдраевич менен. Анын баарын эл менен талкуулап,элдин сынына коюп кенешип турдук.

Талкуудан соң Легендарлуу парламенттин 21 депутаты мүчө болгон, жазуучу Казат Акматов төрагалык кылган комиссия Асейин Абдраев менен Садырбек Дубанаевдин сунуштаган “Нур-19” аталышындагы вариантын тандап алышкан. Парламенттин 350 депутатынын 284ү добуш берген. Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик символдорду ыйык тутуп, бийик сактоого милдеттүү.