Жаңылыктар
Ак-Бата конушунда мектеп көйгөйү чечиле элек
Билим
Ак-Бата конушунда мектеп көйгөйү чечиле элек

Ак-Бата конушунун тургундары үчүн мектеп оорчундуу көйгөйлөрдөн.  Алардын балдары 200 орунга ылайыкталган бала-бакчада кезектешип 1200дөй окуучу билим алып келет. Жергиликтүү бийлик болсо жаңы билим уясын курууга демөөрчүлөрү бар, жер маселеси менен какпаган эшигибиз калган жок дешүүдө.

Борбор калаанын четинде жайгашкан Ак-Бата конушунун мектебинде 1000ден ашык окучу билим алат.  Бирок аны мектеп деп айтуу кыйын, себеби билим берүү мекемеси курулбагандыктан бала-бакчаны мектеп кылып алышкан. 3-класстын окучуусу Элдияр жаңы мектеп куруп бесе деген тилегин жашырбайт. Анткени балдар ар партада 3-4 отуруп алып окуп, жазышат.

Мектепте физика, химия жана информатика  сабактарына багытталган бөлмөлөр жок. Жада калса мугалимдердин бөлмөсү дагы дагы. Билим уясында  өлчөмдөн көп окуучу билим алгандыктан мектеп ичи көк жыттанып, балдардын ал жерде дем алуусу кыйын. Бирок ошого карабай Ак-Жар жана Ак-Бата конушунун балдарын  кезектешип билим берип келишет. Мектеп директору Жаманкан Исмаилова мындай дейт.

Андан сырткары балдар мектептин жанындагы китепканада дагы кезектешип окушат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү бийлик менен тургандар 3-жылдан бери кайрылбаган мекемелери калбаган эмес, бирок жыйынтык жок. Эн негизги көйгөй жер маселесинин себиби мектепке деген жер убагында жеке тараптарга сатылып кеткен.  Ак-Бата конушунун  айыл башчысы Руслан Жумабековдин айтымында демөөрчүлөрду таба алабыз, шаардык бийлик жер маселесин эле чечип берсе.

Шаардык бийликке бул көйгөй менен кайрылганда бири-бирине шылтап канаттандыраарлык жооп бере алган жок. Бирок буга карабай жаңы конуштун мектеп окуучуларынын  жаңы мектепте билим алабыз деген тилеги өчө элек.                

Мирбек Сакенов, “Биринчи радио”