Жаңылыктар
Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узартылды
Кылмыш
Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узартылды

Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын 15-мартына чейин камакта калтырылды. Райондук соттон билдиришкендей, соттук териштирүүнүн мөөнөтү да узартылды. 

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын кароо боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген. Анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу да бар.