Жаңылыктар
Чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен протоколго кол коюлду
Чек ара
Чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен протоколго кол коюлду

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен протоколго кол коюшту. Сүйлөшүүнү 14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон чек ара бекетинде эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим жүргүздү. Жолугушуу эки мамлекеттин башчыларынын телефондогу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен өттү.

Натыйжада, алты протоколго кол коюлду. Ага ылайык, буга чейин кыргыз-тажик топографиялык тобу иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктап, укуктук негиздерин 15-февралга чейин негиздөөгө сунуш берилди. Чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди аныктап, адегенде бир тараптуу чечип, анан жерлерди алмашуу боюнча сунуш ушул жылдын 1-мартына чейин берилди. Чыр-чатак көп катталган, эки эл жанаша жайгашкан аймакта кыргыз-тажик күч кызматтарынын биргелешкен күзөтүн күчөтүү каралат. Кыргыз-тажик чектеш аймактарында көчөлөр жарыктандырылып, видео байкоо орнотулат. Эгерде чыр-чатак болуп кетсе видео тасманы эки тарап бирдей карап, талдоого алат. Ош - Баткен - Исфана эл аралык унаа жолунун Жака-Өрүк аймагынан өткөн жериндеги Исфара - Ворух жолунун кесилишине жол чырак орнотулат. Кыргыз-тажик элинин ортосунда соода-сатык алакасын, маданий кызматташууну өркүндөтүү каралды. Ошондой эле, кыргыз-тажик чек арасында аткарылып жаткан жумуштарды алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтпоо макулдашылды.

Кол коюлган протоколго ылайык, жогорудагы алты маселеге эки тарап бирдей жоопкерчилик алып, иштер чогуу аткарыла тургандыгы айтылды.