Жаңылыктар
"Боинг" учагын атууга шектүүлөр кармалды
Дүйнө
"Боинг" учагын атууга шектүүлөр кармалды

"Reuters" агенттиги Иран бийлиги Украинага тиешелүү "Боинг" учагын атууга шектелген бир нече кишини кармаганын өлкөнүн сот бийлигинин маалыматына таянып жазып чыкты. Маалыматта кармалгандардын трагедияга катыштыгы тууралуу так айтыла элек. Кармалгандардын алдында Иран президенти Хасан Рухани телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуу жасап, 176 кишинин өмүрүн алган "Боинг" учагынын кыйрашына күнөөлүүлөрдү жазалоого убада берген. 

Расмий маалымат боюнча аскерлер учакты канаттуу ракетага алмаштырып алып, эки жолу атышкан. Бул окуядан кийин Иранда миңдеген студенттердин катышуусунда нааразылык акциялар башталган. Алар учактын кыйрашына жооптуу кишилерди жазага тартып, саясий системаны өзгөртүүнү талап кылышууда. Ушул жумада Лондондо Канаданын төрагалыгы астында Украинага таандык "Boeing 737" учак кырсыгына байланыштуу түзүлгөн топ жыйынга чогулат.