Жаңылыктар
Американын аскер базасына ракеталык чабуул жасалды
Дүйнө
Американын аскер базасына ракеталык чабуул жасалды

Ирактын Багдад шаарында америкалык аскерлер жайгашкан "Эт-Тажи" базасына ракеталык чабуул жасалды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазды. "Arab News" басылмасы билдиргендей, сокку "Катюша" сыяктуу артиллериялык түзүлүш менен жасалган. Чабуулдан эч ким жабыркаган жок. Белгилей кетсек, жекшемби күнү дагы америкалыктар жайгашкан "Балад" аскер базасы ракеталык чабуулга кабылган. Окуядан эч ким жабыр тарткан эмес.