Жаңылыктар
Кыргызстан - Россия: кайчылаш жылдын алкагында 100гө жакын иш-чара пландалды
Саясат
Кыргызстан - Россия: кайчылаш жылдын алкагында 100гө жакын иш-чара пландалды

Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы кайчылаш жылынын алкагында өлкөдө саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык багытта 100гө жакын иш-чара пландалды. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазив өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөргөн жыйында билдирди. 

Өкмөт башчы белгилегендей, кайчылаш жылдын алкагында жасалуучу иштер инвестиция, туризм, маданият, билим берүү сыяктуу чөйрөлөрдү өнүктүрүүгө өз таасирин тийгизет. Муну менен бирге Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатияны активдүү жүргүзүүгө тийиш. 

"Биздин эмгек мигранттарыбыздын кызыкчылыктарын коргоо, социалдык коргоо шарттарын жакшыртуу, пенсия менен камсыздоо жана башка маселелерди чечүү Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Премьер-министр ошондой эле, өлкө ушул жылда өтүүчү «EXPO 2020 Dubai» дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышаарын, буга байланыштуу ушул маселени деталдуу иштеп чыгуу керектигин айтты.