Жаңылыктар
Мас айдоочулардын саны арбыды
Кыргызстан жаңылыктары
Мас айдоочулардын саны арбыды

Кайгуул милициясы түзүлгөн бир жарым айдын аралыгында  бир миң айдоочу мас абалында кармалган. Бул былтыркы жылдагы ушул мезгилге караганда үч эсе көп. Демек, кайгуул милициясы арасында жемкорлукка көзөмөмөл күчөтүлдү. Экинчиден ар бир жол эрежесин бузган айдоочунун кыймылы көрмө регистратор аркылуу түздөн түз электрондук түрдө ички иштер министрлигиндеги маалымат борборуна каттоого алынууда. 

Кыйгуул милициясы түзүлгөндөн  бери көчөдөгу унаа кыймылына көзөмөл азайды. Мындан пайдаланган айдоочулар  арасында ичимдик ичип алып рул башкаргандар көбөйдү. Алардын арасында  кыз-келиндер да бар экени жаңылык болбой калды.             Ички иштер  министри, милициянын генерал майору Мелис Турганбаев айдоочулар арасында мас абалында рулду башкаргандар арбыды. Бул кайгуул милициясына болгон көзөмөлдүн күчөтүлгөндүгүнүн акыбети. Анткени, мурун ичимдик ичип алган айдоочу жол тоскон  милицияга ачка берип, сапарын улантып кете берчү. Эми андай көрүнүштөргө бөгөт коюлганын  министр эске салат. Мас абалында рул башкаргандарга айып акысы да көбөйгөн.  Алар он миң сомдон 20 миң сомго чейин айып акы төлөшүп, бир же эки жылга  айдоочулук укугунан ажыратыла турган кайгуул милиция башкармалыгынын расмий  өкүлү Тилек Оторов билдирди.

Ичимдин ичип алып рул башкарган айдоочу өзүнүн айдоо жөндөмдүүлүгүн жоготот. Анын айынан ар кандай кырсыктарга кабылып жатышын дарыгерлер белгилешет. Ошондуктан мындан ары мас абалында рулду башкарган айдоочулар өзгөчө көзөмөлгө алынарын кайгуул милиция кызматкерлери эскертишет.