Жаңылыктар
Кылмышка шектүү абакта асынып алды
Кылмыш
Кылмышка шектүү абакта асынып алды

Жалал-Абад шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган шектүүнүн сөөгү табылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, сөөктү 14-январда камералардын биринен табышкан. «Экспертизанын жыйынтыгында 42 жаштагы кишинин денесинен эч кандай кыйноонун издери табылган жок. Анын мойнунан жип табылды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 

Каза болгон жаран мурда милиция кызматкери болгон. Ага карата «Документтерди жасоо», «Куралдарды мыйзамсыз сактоо», «Каракчылык», «Баңгизатын мыйзамсыз сактоо жана таратуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи инстанциянын соту аны 7 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялаган. Учурда Жалал-Абад облустук соту ишти карап жаткан», — деп билдиришти Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.