Жаңылыктар
Чек ара: жерлерди алмашуу менен маселени чечүү сунушу каралат
Чек ара
Чек ара: жерлерди алмашуу менен маселени чечүү сунушу каралат

Кыргы-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери баштаган делегациянын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен 6 бөлүктөн турган протоколго кол коюлду. Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды. Келишимге ылайык, Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды ушул жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу топографиялык жумушчу топко тапшырма берилди. Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, билим берүү мекемелери адаттагыдай иштеп жатат. Укук коргоо органдары чек ара аймагында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Кыргыз-тажик чек ара аймагында жайгашкан айылдардын жашоочулары жашоо кадимки нукта уланып жаткандыгын билдиришет. Буга чейин 10-январда чек ара чырына байланыштуу түн ичинде Көк Таш айылынын аялдары жана жаш балдар коопсуз жай деп мектепке көчүрүлгөн. Абал турукташкан соң, 2 күндөн кийин алар өз үйлөрүнө кайтышкан. Билим берүү мекемесинде да окуу өз нугунда башталып, учурда окуучулардын 90 пайызы сабакка келе баштады. Анда жалпы 204 окуучу билим алат:

Укук коргоо органдары тарабынан чек ара аймагында күчөтүлгөн тартипте иш алып барылууда. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү, эми элди ар кандай чагымчыл иштерге үндөп, бейбаштык кылып тартип бузгандарга мыйзам чегинде чара колдонулаарын айтат. Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүрүп, күндүз-түнү тартипти сактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ар кандай провакациялык аракеттер катталган жок:

14-январда, бир күн кечке эки өлкөнүн вице-премьер-министирлери баштаган делегация мүчөлөрүнүн сүйлөшүулөрүнүн жыйынтыгы менен 6 бөлүктөн турган протоколго кол коюлду. Вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков билдиргендей, 1-бөлүктүн негизинде жумушчу топторго 1 ай мөөнөттүн ичинде,  2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын укуктук негизде аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды. Топографиялык жумушчу топко Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды ушул жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырмасы 2-пунктта белгиленген.

Келишимдин 3-бөлүгүнө ылайык, тараптар Чоркух - Ак-Сай - Ворух, Көк-Таш – Ортобоз унаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотуу чараларын көрүү макулдашылды. Андан сытркары чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына окуяларга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү максатында түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү белгиленген.

Жеңиш Раззаков кошумчалагандай, эки өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерин  өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согдий облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу активдештирилет:

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды ЖМКларда чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишкен.

Жалпысынан жолугушууда көп жылдан бери чекит коюлбай келе жаткан чек ара чырын мындан ары болтурбоо, аймактарды делимитациялоо жана демаркациялоо ишин алга жылдыруу, жерлерди алмашуу жолу менен маселени чечүү тууралуу ой максаттар эки тараптан тең айылды,- дейт вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков. Топографиялык укуктук жумушчу топтун кийнки учурашуусу 21-январга белгилөө тууралуу нота берилип, тажик тарап менен макулдашылып жатат. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган кыргыз делегациясы 15-январда, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдоо максатында жергиликтүү калк менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Кошумча маалымдай кетсек, бүгүн ак үй алдында Бишкек шаарынын тургундары митингге чыгышып,  чек араны делимитациялоо жана Баткен облусун өнүктүрүү талабын коюушту. Чогулгандар чек ара аймагында жашаган жана чагымчылдык боюнча камакка алынган төрт жаранды бошотууну да айтышууда. Мындан тышкары, митингдин катышуучулары чек ара аймагынын жашоочуларына жеңилдик берип, жөлөк пул чегерилишин талап кылышты.

Рахат Кыдыртоктоева