Жаңылыктар
Өлкөдө жылына 600дөй жүрөк операциясы жасалат
Ден соолук
Өлкөдө жылына 600дөй жүрөк операциясы жасалат

19-майда,  дал 53 жыл мурун, Борбор Азияда таланттуу кардиохирург, академик Иса Ахунбаев тарабынан алгачкы жолу жүрөккө операция жасалган. Учурда жылына Органдарды алмаштыруу жана жүрөк хирургиясы боюнча илимий изилдөө институту  600гө жакын ымыркайларга да  катаал жүрөк операцияларын жүргүзүп келишет.  Быйыл кардиохирургия бөлүмүнүн түзүлүшүнө 40 жылдын жүзү болду. Бул жааттагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр туурасында КРнын эмгек сиңирген дарыгери, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору Калдарбек Абдраманов маегинде айтып берди.