Жаңылыктар
Кыргызстандан эт азыктарын экспорттоонун көлөмү өстү
Экономика
Кыргызстандан эт азыктарын экспорттоонун көлөмү өстү

Өткөн жылдын 10 айында 2 миң тоннага жакын эт жана эт азыктары сыртка экспорттолду. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан маалымдашты. Натыйжада эт азыктарын экспорттоо мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогорулады. Агрардык талдоочулардын айтымында өлкөдө эт экспорттоонун көлөмүн мындан да жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү бар. 

Узаган  жылдын он айында эт менен эт азыктарынын сыртка экспортунан түшкөн каражат 4 миллион  доллардан ашты. Эксперттердин айтымында, Кыргызстандын эт азыктарына  суроо-талап чоң. ЕАЭБ мамлекеттери гана эмес, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, азыркы кезде Кытай дагы  экологиялык таза эт азыктарын алууга кызыкдар. Жалал-Абад облусунда жаңы ачылган  мал соючу ишкананын курулушуна 10 миллион сом сарпталды. Андагы заманбап жабдуулардын баары сыртан салтылып алынды. 

“Кыргыз эт” бирлигинин төрагасы Рыспек Абдрасулов сырттан топоздун этине болгон  суроо-талаптын өсүп жатканын маалымдады. Ошондуктан келечекте топоз санын көбөйтүү аракети көрүлүп жатканын ачыктады.          

Кыргыз эти экологиялык тазалыгы, табигый жогорку сапаты жагынан айрымаланат. Анткени, биздин мал деңиз- деңгээлинен бийик тоо боорлорундагы жайыттарда багылат. Ошондуктан ал экологиялык жактан да таза экенин серепчилер белгилейт. 

Кыргыз этине кызыкдар өлкөлөр катары арбууда. Алардын экологияык таза, сапаттуу жогору этти  арбын сатып алууга болгон суроо-талабы өсүп барат. Ага ылайык, эт  менен сүт продукцияларынын экспорттук көлөмү эки эсе жогорулаганын  ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору 

Республиканын этти сыртка экспорттоо потенциалы өсүү багытын тандап алганын  белгилеп кетүүгө болот. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев эт экспорту мерчемделгенден көп сатылып жатканын тизмектеп өттү.

Кыргызстанда 193 мал союулуучу жай бар. 2019-жылы 8 заманбап талаптарга жооп берген мал союучу жай ачылды. Быйыл айыл чарба министрлиги бул көрсөткүчтү эки эсеге жогорулатууну көздөп жатат.    

                                                                                                                                 К.Калилов