Жаңылыктар
Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча координациялык кеңешме өткөрөт
Чек ара
Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча координациялык кеңешме өткөрөт

16-январда Баткен шаарында Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы координациялык кеңешме өткөрөт. 

Кеңешмеде коңшу өлкөгө чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле, тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер каралат. Вице-премьер-министр Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолукту. Бир катар маселелер, анын ичинде айылдын чагымчылдык аракеттер боюнча шек саналган төрт жашоочусунун камакка алынышы талкууланды. Анда бул маселе мыйзам чегинде каралары айтылды.