Жаңылыктар
Сасык тумоо менен ооруканага бир сутка ичинде 199 бейтап кайрылды
Ден соолук
Сасык тумоо менен ооруканага бир сутка ичинде 199 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 199 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 129у жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Кайрылгандардын 59у ооруканага жаткырылды, алардын 53ү жаш балдар. «Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 16 адам кайрылса, 8и ооруканага жаткырылып, 8 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 57 адам кайрылган, алардын 25и ооруканага жаткырылып, 32 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.