Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлеринин жолугушуусунун натыйжасында кол коюлган протоколдун пункттарынын бирин аткаруу боюнча иш башталды. Топографиялык жумуш топко ушул жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Баткен облусундагы Баткен району менен Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Жумуш топтун жыйыны Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында өттү. Белгилей кетсек, кыргыз-тажик өкмөттөр аралык делегация кечээ Тажикстандын Гулистон аймагында жолугушкан.
Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун чектешкен жеринде өткөн өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу дээрлик 12 саатка созулду. Жолугушууга келген кыргыз делегациясынын курамында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков болду.
Узакка созулган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну активдештирүү боюнча пикир алышты. Анын жыйынтыгы менен тараптар алты маселе боюнча протоколго кол коюшту.
Кол коюлган протоколго ылайык, жогорудагы алты маселеге эки тарап бирдей жоопкерчилик алып, жумуш чогуу аткарыла тургандыгы айтылды. Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброгим сүйлөшүү жакшы жыйынтыкталганын айтып, жер алмашуу аркылуу чек арадагы маселе оң жагына чечилерин белгиледи.
Кыргыз-тажик чек арасынын 500 чакырымдан ашууну такталган болсо 40 пайыздай бөлүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Такталбай калган аймактар калк жайгашкан айылдарга туура келет. Чек ара боюнча кезектеги сүйлөшүү 21-январга белгиленди.