Жаңылыктар
Фостердик ата-эне болуу талаптары
Кыргызстан жаңылыктары
Фостердик ата-эне болуу талаптары

Кыргызстанда биринчи фостердик үй-бүлө 2014-жылы Бишкекте пайда болгон. Ошол кезде 9 жаштагы бала камкордукка алынган. Андан бери республикада 65 фостердик үй-бүлө түзүлүп, 149 бала тарбияланууда.

Фостердик үй-бүлө кароосуз калган балдарды мамлекет менен түзүлгөн келишимдин негизинде камкордукка алат. Муну асырап алуу менен алмаштырып албоо зарыл. Анткени фостердик үй-бүлө баланы убактылуу гана багат.

Убактылуу бала багууну каалагандар Кыргызстандын жараны, жашы 30дан 65ке чейин болушу шарт. Алар алгач Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылышат. Андан соң фостердик ата-эне макамын алуу үчүн керектелүүчү документтердин тизмесин даярдашат. Алар төмөнкүдй

Окуудан өткөндөн соң фостердик ата-энеге тастыктама берилип, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен келишим түзүлөт. Фостердик үй-бүлөдө жубайлардын өздөрүнүн балдарын кошкондо беш баладан ашпашы керек. Жашоо-шарты туура келсе, фостердик үй-бүлөнү жалгыз бой энелер да ача алат.

Багып алуучу үй-бүлөгө 6 миң сом айлык, ал эми балдардын кийим кечесине, тамак-ашына ай сайын 6 миң сом мамлекеттен берилет.

Убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөрдүн саны Ысык-Көл облусунда арбын.

Багып алуучу үй-бүлөдө балдар мээримдүү чөйрөдө өсөт. Бул алардын келечектеги жашоосуна да жакшы таасирин тийгизет. Анын балдар үйүнөн айырмачылыгы — бала үй-бүлөдө, ата-эне мээримин көрүп чоңоёт.