Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилүү алдында турат
Саясат
Кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилүү алдында турат

Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Кыргызстандын топографиялык жумушчу тобу кол коюлган протоколдун пункттарынын бирин аткаруу боюнча ишке киришти. Аларга бир ай мөөнөттө Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Топографиялык жумушчу топтун алгачкы жыйыны Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында өттү. Тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына тиешелүү материалдар иштелип чыкты. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"