Жаңылыктар
Үч жаштагы бала үйдүн бешинчи кабатынан кулап түштү
Дүйнө
Үч жаштагы бала үйдүн бешинчи кабатынан кулап түштү

Мындан бир нече жыл мурун Англиянын Дарем графтыгынын Блэкхолл-Кольери айылынын жашоочуларына 5 жыл бою кимдир-бирөө акча салынган баштык калтырып жүргөнү тууралуу жазылган. Полиция кызматкерлери сырдуу адамдын ким экенин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.Ага ылайык, мындай сырдуу көрүнүш Англиянын Дарем графтыгындагы Блэкхолл-Кольери айылында катталган. Ар бир ташталган баштыкта 2000 фунт-стерлинг болжол менен 180 миң сом болгон. Айыл тургундары 2014-жылы жалпы 13 баштыкты полицияга тапшырышкан. Полиция кызматкерлери бул иштин бетин ачуу максатында банк жана бармак издери аркылуу текшерип көрүшкөндүгүнө карабастан, жыйынтык болгон эмес.Декабрдын аягында Рождествонун алдында ал сырдуу адамдар ким экени аныкталган. Алар экөө болгон жана полицияга өздөрү барып, бул ишти эмне үчүн кылып жаткандарын түшүндүргөн.Анда алар аты-жөнүнүн сырдуулугу сакталуусун өтүнүшкөн. Мунун себебин кайрымдуулук иш үчүн көңүл чордонунда болуунун зарылдыгы жок деп түшүндүрүшкөн. Бир канча жыл мурун сырдуу акча таштап кетүүчүлөр күтүүсүздөн байып кетишкен. Ошондо алар ашыкча акчаларын Блэкхолл-Кольери айылынын тургундары менен бөлүшүүнү туура көрүшкөн. Алардын бири аял болгон. Анын айтымында, бул айылдын жашоочулары ага кандайдыр бир жардам берген (кандай жардам экенин айткан эмес) ошондон кийин бул айылдын жашоочуларына ыраазы болгон. Кээ бир учурларда алар акча салынган баштыкты таштаган жерге кимдир-бирөө алып кеткенче жашынып да турганын айтышкан. Полиция кызматкерлери бул адамдарга ыраазы болгон.


Ташкенттин Алмазар районунда 3 жаштагы бала үйдүн 5-кабатынан кулап түштү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып, ошол учурда тартылып калган видеону жарыялаган.Видеодо баланын аман калганы көрүнгөн эмес, бирок басылмалар наристе аман экенин, олуттуу жаракат албаганын белгилешкен. Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазышкандай, баланын абалы туруктуу, анын баш мээси чайкалып ооруканага жеткирилген. Окуя  мурдагүнү 14-январда болгон."Бала үйдө жалгыз калган. Ал ойноп  жатып терезени ачып, андагы тосмодон сыртка чыгып алган. Кайра терезеден  батирдин ичине кире албай калган. Бир саамга чейин тосмо темирди кармап турганы  менен колу бошоп, кулап түштү. Кулап баратып 3-кабаттагы терезенин тосмосуна  тийген. Андан кийин жашоочулар менен тартип сакчылары даярдап, кармап турган  одеялга түшкөн", - деп жазылат маалыматта.


Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян 15-январда көрсөтмө берүү үчүн тергөө комитетинде болду. Бул тууралуу өкмөт башчы «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаганын жергиликтүү басылмалар жазды. «Армениянын тарыхында биринчи ирет өлкө башчылары тергөө комитетине чакырылып, тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүүдө»,- деди Пашинян. Ошондой эле, тамашага салып, тергөө комитетинин бул чакыруусун «саясий куугунтук» катары баалай турганын белгилеп өттү.Тергөө комитетинен чыккан соң Пашинян журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тартты. Ал сурак боюнча атайын пресс-релиз чыгарын гана айтты.Маалымат булактары жазгандай, премьер-министрдин сурагы 40 мүнөткө созулган.


Кытайдан тарап жаткан коронавирустун жаңы түрү алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолорун "РИА Новости" Ухань шаарынын саламаттык сактоо комитетинин маалыматына таянуу менен жазып чыкты. Декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубей провинциясында белгисиз өпкө ооруларынын учуру катталган.Эксперттер болжолдуу түрдө оорунун себептери коронавирустун жаңы түрү экенин айтышууда. 11-январга карата медиктер коронавирустун жаңы түрү менен жабыркаган 41 адамды каттоого алган, бир адам каза болду, аны менен бирге ооруга чалдыккандар менен тыгыз байланышта болгон медиктерди кошкондо бир нече адам көзөмөлгө алынган. Ошондой эле Таиландда аталган өпкөгө суук тийгизип алуу оорулары менен жабыркаган алгачкы адам катталды. Коронавирус 30дан ашык вирустан турат. Биринчи жолу 1965-жылы бөлүп көрсөтүлгөн. Илдетке адамдар, жан-жаныбарлар, канаттуулар, мал чалдыгат.Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдагы тараган оорунун өнүгүшүнө байкоо салуу менен дарттын пайда болуу себептерин жана аны менен күрөшүү жолун табууга чакырык таштады.

Урмат  Жээнбеков, "Биринчи радио"