Жаңылыктар
Балалуу аял орой мамиле жасаган дарыгер өз ордунда иштеп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Балалуу аял орой мамиле жасаган дарыгер өз ордунда иштеп жатат

Бишкектеги №3-шаардык балдар клиникалык ооруканадагы башка дарыгерлер иш таштаган жоктугун шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришти. Буга чейин айрым басылмалар аталган ооруканада орун алган көрүнүштөн улам, балалуу аял менен айтыша кеткен дарыгер жумуштан кетип, кесиптешин  башкалар коргоп жаткандыгын жарыялап чыккан болчу. Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги№ 3-шаардык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерине орой мамиле кылып,  көрүнүштү телефонго   тартып  алуу аракети менен  аны сөз менен коркуткан аялдын видеосу интернетке жарыяланган. Бул көрүнүш социалдык тармактын колдонуучуларынын бүйүрүн кызытып, пикир калтырган. Көбүнчө оорулуу баланын энесине акаарат сөз келтиришүүдө. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"