Жаңылыктар
Автобустардын айдоочулары электрондук системанын иштөөсүнө каршы
Кыргызстан жаңылыктары
Автобустардын айдоочулары электрондук системанын иштөөсүнө каршы

Бишкектеги айрым автобустардын айдоочулары коомдук транспорто электрондук системанын иштөөсүнө каршы. Себеби валидатор аркылуу төлөм жүрузүүдө жүргүнчүлөр кезек күтүп баш аламандык жаралып калат дешүүдө. 

Эгерде шаар бийлиги бул ситсеманы толук кандуу иштетүүнү кааласа, айдоочулардын айлык маянасын көтөрүүнү талап кылып жатышат.  

Эске салсак коомдук транспорттордо электрондук  билет системасы үстүбүздөгү жылы пилоттук негизде ишке кирген. Электрондук билеттерди кабыл алган 370ге жакын валидаторлор муниципалдык автобустар менен троллейбустарга  орнотулган. Аны сыноо иретинде тургундарга бекер тулпар карталар таратылып тесттик режимде иштеп баштаган.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"