Жаңылыктар
Бишкек шаарында бир адам консерваланган балыктан ууланды
Ден соолук
Бишкек шаарында бир адам консерваланган балыктан ууланды

Бишкек шаарында 12 жаштагы бала консерваланган балыктан ууланды. Окуя 13-январда болгон. Өспүрүм бала ууланган консерваланган балыкты базардан сатып алган. 

Азык Казакстанда өндүрүлгөнү белгилүү болду. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө лабораториялык изилдөө үчүн үлгү алынды. Жыйынтыгы азырынча чыга элек. Ал эми ууланганбаланын абалы азыр жакшы. 

Ал үй шартында дарылануусун улантып жатат дешти дарыгерлер. 

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"