2020- жылы чакан энергетикалык долбоорлор колдоого алынат. Бул боюнча мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү финансы институттарынын жетекчилерин кабыл алуу учурунда тапшырма берди.
Ага ылайык кыргыз- орус өнүктүрүү фонду 4 пайыздын тегерегинде каржылоого даяр экенини белгилүү болду.
Учурда чакан энергия булактарынын 10 пайыз потенциалы гана ишке кирген. Адистер бул секторду өнүктүрүү учур талабы экенин айтууда.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"