Жаңылыктар
Дүйнөлүк банк: өзбекстандыктардын 90% каттоо режимине каршы
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөлүк банк: өзбекстандыктардын 90% каттоо режимине каршы

Өзбекстан калкынын 90% каттоо боюнча бардык чектөөлөрдү жоюп салууну кубатташат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөгө ылайык, Өзбекстанда катталуу маселеси ички миграцияга тоскоолдук жаратууда.

Дүйнөлүк банктын адистери катталуу режимин жоюу менен гана урбанизацияны өрчүтүү мүмкүн эмес экенин, бул үчүн шаарларда жеткиликтүү турак жай курууну көбөйтүү зарылдыгын белгилешет. Сурамжылоого ылайык, бул пикирди өзбекстандыктардын 80% колдогон.

Изилдөөчү Уильям Зейтц ири масштабда жеткиликтүү турак жайларды куруп, батирлерди ижарага берүү рыногун түзүүнү, турак жай кол тийбестигин камсыздоону, турак жай кура турган компаниялар жана сатып алуучуларга субсидия бөлүүнү, шаарды пландаштырууга көңүл бурууну сунуштайт.

Баяндама Дүйнөлүк банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Ал Глобалдык жакырчылык жана теңчилик боюнча иликтөөнүн бир бөлүгү болуп эсептелет.