Жаңылыктар
Казакстан Беларуска мунай жеткирүү маселесин карайт
Дүйнө
Казакстан Беларуска мунай жеткирүү маселесин карайт

Казакстан Беларуска мунай экспорттоо маселесин 20-январга чейин карайт. Бул тууралуу Казакстан энергетика министри Нурлан Ногаев билдирди.

Ногаев “Беларус мунай жана химия” концерни мунай жеткирүү жөнүндө Казакстанга өтүнүч жолдогонун айтты. Эгер казакстандык компаниялар Минсктин шарттарына макул болсо, баа боюнча макулдашса, тараптар келишимге кол коюшу мүмкүн.

Беларус мунай жеткирүү боюнча быйыл Орусия менен макулдаша албай калгандан кийин Украина, Польша, Казакстан, Азербайжан жана Балтика өлкөлөрүнө кайрылган. Минск менен Москванын ортосундагы пикир келишпестиктен улам орусиялык ири компаниялар январдын башында Беларуска мунай ташууну токтотушкан.