Жаңылыктар
Мыйзамсыз күйүүчү май ташыган унаа кармалды
Кылмыш
Мыйзамсыз күйүүчү май ташыган унаа кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй ОИИБдин кызматкерлери менен күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

2-январда «Вольво» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаада тиешелүү документтери, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын тийиштүү пломбасы жок бензин жыттанган суюктук (36 тоннага жакын) бар жарым чиркегич идиш болгон.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда жагдайлар аныкталганга чейин унаа айып короосуна киргизилген.