Бишкектеги «Ататүрк» сейил багынын айланасындагы маселеге эзели чекит коюлчудай эмес. Канчалаган мэр алмашса да, сейил бактагы мыйзамсыз курулуштар жөнгө салынбай келет. Айтылуу Ата-Түрк сейил багы, парк болуп аталган алгачкы жылдары кандай эле, азыр кандай абалга жетти?
"Ататүрк" паркынын азан чакырылып коюлган аты - "Дружба", 107 га жер аянты тиешелүү болчу. 1996-жылы Мустафа Кемаль Ататүрктүн ысымы ыйгарылган. 1994-жылдан 2010-жылдын мартына чейин 107 га аянттагы сейил бак четинен кетилип, юридикалык жана жеке тараптарга берилип отуруп, ага 71 га жер тилкеси гана тиешелүү.
Өнүккөн өлкөлөрдө шаар тургундарынын саламаттыгы үчүн гектарлаган жерге бак-дарак тигилип, бөпөлөнүп багылат. Бизде болсо, тескерисинче. Маселен, улам жаңы бак-дарак кыйылып, эс алуучу жерлер сатылууда деп паркка жакын жашаган эл нааразы. Чиеленишкен маселеге шаар бийлигинин жообу бир гана - анын баарын мурдагы бийлик жасаган. Соттук териштирүү жылдап уланууда.
Ата-Түрк паркынын аймагына курулуп жаткан үйлөр учурда балдар ойноочу атракционго болжол менен 50 метр гана жетпей турат. Айланага көз чаптырып карап көрсөк, бул үйлөр илгерки жомоктордогу бай-манаптардын хан сарайларын элестетет. Демек бул үйлөрдү салуу карапайым, жөнөкөй адамдардын колунан келе бербейт. Албетте анын баары кайсы бир убакта жогорку кызматтарда иштеп кеткен чиновниктерге, колунда бар бай адамдарга тиешелүү.
Канча жер сатылып, канчасы жеке менчикке берилгени туурасындагы иликтөөлөргө таянсак, мурунку мэрлердин бирөө дагы таза эмес. Бири экинчисине шылтап, күнөөлүүлөр ачыкка чыкпай, маселе Чубактын кунундай чубалып келет. Сейил бактарды сатуу 1990-жылдарда башталып, 2010-жылга чейин уланган.
Тарыхка кайрылсак, парк аймагынан жер тилкесин биринчи болуп бөлгөн Бишкек шаарынын экс-мэри Ибраимов болгон экен. Жумабек Ибраимов 1994-жылдын 25-мартында 5 гектар 14 сотка аянтты Кыргыз архитектура-курулуш институтуна окуу комплексин куруу ниетинде бөлүп берген. Тилекке каршы, ал аянтка мечит курулган, бирок анын себебине эч ким кызыккан эмес. 1997-жылы мэр Борис Силаев ошол эле институтка парктын Малдыбаев көчөсү тарабынан окуу корпусун куруу үчүн кайрадан 3 гектардан ашык жер тилкесин бөлүп берген. 1997-жылы балдар кыштакчасын куруу үчүн Силаев тарабынан сейил бактын Душанбе көчөсү тарабындагы 3 жарым гектар аянт берилген болсо, ушул эле балдар кыштакчасы үчүн деп, 2000-жылы мэр кызматын аркалаган Медетбек Керимкулов 1 гектар 30 сотка жер бөлүп берген. Ушундай окуялардан кийин «Ататүрк» паркынан жеке менчик үй, соода, спорт, офис имараттарын куруу үчүн жер тилкелерин бөлүү «эпидемиясы» күч алып, анын башында Медетбек Керимкулов турган.
Керимкуловдун ордуна келген Арстанбек Ногоев да мурдагы мэрдин иштерин улантат. Мэрден аким кем бекен болуп, 2006-жылы Октябрь райондук администрациясы парктын аймагынан жеке үй куруу үчүн 60 адамга жер ээлигин тастыктаган токтом токуйт. Парктын аймагын өөнөп-бутоо иштери экс-мэрлер Үсөнов жана Түлеев тарабынан да үзгүлтүксүз улантылып келген. Нариман мырза парктын 5 гектар аянтын кореялык «Ю-ти-ай Глобал» компаниясына, 4 гектарга жакын аянтты Тыныбекова деген жаранга берешендик кылган.
Ошентип, экс-мэрлер Ибраимов, Силаев, Керимкулов, Ногоев, Үсөнов жана Түлеевдин тушунда Ахунбаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө, же Түштүк магистралга чейинки «Ататүрк» паркынын 56 гектар аянты жеке колго же ишканаларга өтүп кеткен. Бир эле мисалга токтоло кетсек, кезинде Курулуш жана архитектура агенттигин жетектеп турган Каныбек Нарбаевдин кызы - Динара Нарбаевага дагы 2005-жылдын март айында ошол кездеги Бишкек мэри Медетбек Керимкуловдун токтому менен жер тилкеси бөлүнүп берилген. Мына ушундай жер сатуу илдетин токтотуу максатында, Шаардык башкы архитектура, «Ата-Түрк» сейил багына жаңы чек коймой болуп, анын 2 вариантын жарыялаган.
Ансыз да аянты аймаланган сейил бактын чек арасы бекитилгенче, мыйзамсыз иштер уланууда. Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан 22 үй текшерилип, анын ээлери жер тилкелерин өзүм билемдик менен дагы алты метрге чейин чоңойтуп алганы тиешелүү мекеме тарабынан аныкталды.