Жаңылыктар
Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме өттү
Чек ара
 Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме өттү

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме өттү. Күн тартибинде Баткен облусундагы коомдук-саясий абал, өкмөттүн кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана Баткен облусунун чек аралаш аймактарындагы атайын комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат уктурулду.

 Координациялык кеңешмеге катышкан Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жергиликтүү бийликти чек ара окуяларын алдын алуу боюнча чабал иш жүрүп жаткандыгын айтып, сынга алды.