Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүшү мүмкүн
Спорт
Быйыл Кыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүшү мүмкүн

Кыргызстан 2020-жылдагы жаштар арасындагы Азия чемпионатын өткөрүүгө арыз жөнөттү. "Бириккен күрөш дүйнөсү" уюмунун маалыматына караганда, турнир 7-12-июль күндөрү өтөт. "Ноябрь айында Кыргызстандын күрөш боюнча федерациясы бардык документтерди жөнөттү. 

Учурда биз талапкерлердин бирибиз", - деди федерациядан. Буга чейин Кыргызстан эки жолу чоңдор арасындагы Азия чемпионатын өткөргөн. Ал эми жаштар арасындагы Азия чемпионаты өлкөдө биринчи жолу өтүшү мүмкүн.