Жаңылыктар
АКШ менен Кытай соода келишимине кол коюшту
Дүйнө
АКШ менен Кытай соода келишимине кол коюшту

Японияда биринчи жолу Кытайдын Ухань шаарында күч алган короновирус чакырган өпкөгө суук тийүү оорусу катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Кытай жараны Ухань шаарында жүргөндө өзүн жаман сезип баштаган. 6-январда Японияга келип, 10-январда ооруканага дене табы көтөрүлүп, жөтөлгөн абалда түшкөн. 5 күндөн кийин аны ооруканадан чыгарышкан. Бактыга жараша аны жакындары, туугандары вируска кабылган эмес.Эске салсак, 2019-жылдын декабрь айында короновирус чакырган өпкөгө суук тийүү оорусу Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытайда вируска кабылгандардын саны 59га жеткени, андан сырткары Ухандан Таиландга барган бир аялдын да өпкөгө суук тийүү оорусуна кабылганы аныкталган. Аталган жугуштуу илдет адамдан адамга жугары толук далилденген эмес. Болжолдуу түрдө вирус жаныбарлардан жана тирүү деңиз азыктарынан жугушу мүмкүндүгү айтылууда.Кытайдан чыккан вирустан учурда дүйнө чочулап турган чагы. Ага байланыштуу Казакстанда Кытайдан келген жарандардын ар бирин санитардык-карантин текшерүүдөн өткөрүп жатышканы тууралуу жергиликтүү басылмалар жазууда.


АКШнын президенти Дональд Трамп жана Кытайдын вице-премьери Лю Хэ 1-фазадагы соода келишимине кол коюшту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты. Анда жазылгандай, бул келишим 2 фазадан турат жана бул жолу биринчи фазасы талкууланып, кол коюлган. Келишимдин негизги максаты товар алмашуудагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу. Келишимдин негизинде 2 жыл аралыгында АКШ жана Кытайдын импортунун көлөмү 200 миллиард доллар болору болжолдонууда. Бул жолугушууда Трамп жакынкы аралыкта Кытайга баруу ниетин дагы билдирген.Белгилей кетсек, АКШ жана Кытай соода тармагындагы талаш-тартыштар 2 жылдан бери уланып келген. Мындай абал Трамп Кытайдын товарларына кошумча салык киргизгенден кийин башталган. Буга жооп кылып, Кытай тарап ар кандай кадамдарга бара баштаган. Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр 2018-жылы башталган, бирок 2019-жылдын жай айларында аягына чыккан.Ал эми экинчи фазада эки өлкөнүн товар салыктарын төмөндөтүү маселелери каралат деп жазылган маалыматта.


Россиянын Мамлекеттик Думасы президент Владимир Путин премьер-министрликке сунуштаган Михаил Мишустиндин талапкерлигин жактырды. Мишустиндин өкмөттү жетектөөсү үчүн 383 депутат макул болуп, каршы чыккандар болгон эмес. Ал 41 депутат "калыс" экенин билдирген. Эске салсак, 15-январда Россиянын Дмитрий Медведев жетектеген өкмөтү отставкага кеткен. Бул кадамын Медведев Путиндин демилгеси менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык өкмөт президенттин тийиштүү чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берүү тилеги менен түшүндүргөн. Көп өтпөй президент Владимир Путин премьер-министрдин кызматына Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштап, аны Мамлекеттик Думанын кароосуна жөнөткөн.Михаил Мишустин 54 жашта. Экономика илимдеринин доктору. Буга чейин Кыймылсыз мүлк объектилеринин нарк каттам агенттиги, Өзгөчө экономикалык аймактарды башкаруу боюнча федералдык агенттиктиги сыяктуу ведомстволорду жетектеген. Ал эми Федералдык салык кызматынын башчылыгына 2010-жылы келген.


Италиялык "Versace" мода үйү эми кийим жана бут кийим чыгарууда кенгурунун терисин колдонбойт. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазууда.Маалыматта жазылгандай, мындай чечим 2019-жылы эле кабыл алынганына карабастан, ал тууралуу бул аптада гана белгилүү болду. Кенгурунун терисин колдонуудан баш тартуу Австралиядагы масштабдуу өрт менен түздөн-түз байланыштуу эместиги, мындай чечимге италиялык жаныбарларды коргоочулар тарабынан болгон кысым түрткү болгону айтылган. "Versace" мода үйүнүн өкүлү эми алар кенгурунун терисин колдонуудан баш тартышканын тастыктаган билдирүү тараткан.

 
Тайландда пилдер мектепке барышат жана иштешет. Бул тууралуу Таиланд басылмалары жазды. Аталган өлкөдө 20 миңден ашык пил бар. Алар атайы фермаларга жайгаштырылган.Жаныбарлардын ишмердүүлүгү ар түрдүү, кадимки тазалагычтан артистке чейин иштешет. Учурда Тайланддын каптаган  көчөлөрүн суудан пилдер арылтууда.Алар дарактарды түп тамыры менен жулуп, ирээттүү түрдө атайын үймөк кылып чогултушат.Алп жандыктар күнүнө 5 сааттан иштешет. Пил Тайландда 60 жаштан кийин пенсия алууга жана медициналык камсыздандырууга конституцияда кепилдик берилген жалгыз жандык.

Урмат Жээнбеков,  "Биринчи радио"