Жаңылыктар
Кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн мобилдик тиркеме ишке кирди
Билим
Кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн мобилдик тиркеме ишке кирди

“Кыргыз тест” сайтына кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн мобилдик тиркемесин жайгаштырды. Ал азырынча тилди жаңыдан үйрөнүп жаткандарга ылайыкталган, жакында дагы өркүндөтүлгөн деңгээли даяр болот дейт жетекчиси. Бул тиркемени мобилдик телефондон эле көчүрүп алып колдонууга ыңгайлуу. Азыр кыргыз тилин үйрөнгүсү келген адам, баарын тапса болот.

Эске  салсак, 2019-жылы январда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кыргыз-орус тилинде мультимедиялык комплекс иштелип чыкканын жарыя кылган эле. Ал 1–4-класстар үчүн “ibilim” жана 5–9-класстар үчүн “bilim bulagy”-деген аталышта, бир нече сабак боюнча окуу программасына шайкеш даярдаган. Колдонууну каалоочулар интернет сайт аркылуу  «ibilim.kg» жана «Bilim bulagy.kg» -деп издесе болорун  программанын автору айтты.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"