Жаңылыктар
Улуттук статистика комитети: Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
Экономика
Улуттук статистика комитети: Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү

2019-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 278 миллиард сомдон ашык каражатты түздү жана 2018-жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга өсүшү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Металл рудаларын казуу 28,5 пайызга, кийим өндүрүшү 18,3 пайызга, чийки мунайзат жана жаратылыш газы 17 пайызга, негизги металлдарды өндүрүү 12,3 пайызга, көмүр казуу 7 пайызга жана тамак-аш азыктарынын өндүрүшү 4,3 пайызга көбөйдү. Муну менен катар желим буюмдары, мунайзат жана фармацевтикалык продукциялардын төмөндөгөнү белгиленди.

“2019-жылы мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөшү республиканын бардык аймагында катталды. Ошону менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү Баткен облусунда (6,3 пайызга), ал эми минималдуу өсүшү Ош шаарында (2,3 пайызга) белгиленди. Республиканын бардык аймагында тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын, ошондой эле алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдарынын баалары өстү”,- деди Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов.