Акысыз гемодиализ кызматын көрсөткөн мамлекеттик ооруканалар Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фонду тарабынан каржылана баштады. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты. 2020-жылдын 1-январынантарта Нарын, Талас, Ысык-Көл облустук жана Балыкчы шаардык ооруканалары дагы акысыз гемодиализ программасына кирген.
Бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусуна кабылган бейтаптар аталган медициналык жайлардан жеңилдетилген шартта гемодиализ ала алышат. Чыгымдардыфонд төлөп берет.
Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"