Жаңылыктар
Поэзия кечеси өттү
Маданият
Поэзия кечеси өттү

Соңку үч айдан бери уланып келген  поэзия кечелеринин кезеги, 19-майда Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, акын Фатима  Абдалованын чыгармачылыгына арналды.  Аны  тарых жана маданият жылына  карата: "Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук   фонду, Улуттук жазуучулар союзу жана Улуттук филармония биргелешип  уюштурууда. 

Ырларын түгөл жатка айткан, табияты назик, кыргыздын таланттуу кызы Фатима Абдалова, 1960-жылы 29-июлда Базар-Коргондун Беш–Бадам айылында туулган. 1982-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетти  бүтүрүп,   «Эмгек жалыны» гезитинен баштап,  Китеп палатасында, «Кыргызстан», «Адабият» басмалары жана  Кыргыз   телерадиосунда, «Азаттык» медиа институтунда иштеп келет. Сегиз жашынан ыр жазып,  1977-жылдары  студент  чагында  гезит беттеринде акын катары тааныла, 1989-жылы«Бешик боо» деген ат менен алгачкы,андан бери “Жүрөктөгү шамал”, “Эсимде” ыр  жыйнактары  чыккан. Бир катар ырларына обон жаралган. Бүгүн окурмандарына “Жолдо бастым ойлонуп” аттуу ыр жыйнагын  сыясы кургай электе сунуш кылып отурат. 

Филология илимдеринин доктору, адабиятчы  Лайли Үкүбаеванын пикирин сураганыбызда, Фатима Абдалова  кыздар поэзиясынын өзгөчө боёгу менен ырахат тартуулаганын айтты. Сөз арасында акындын: Кат жазчы мага”, “Жазым келчи”, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу обондуу ырлары  жаңырды.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи  радио”