Жаңылыктар
"Ат-Башы районундагы жер Кытайга берилди" деген сөз чындыкка дал келбейт
Экономика
"Ат-Башы районундагы жер Кытайга берилди" деген сөз чындыкка дал келбейт

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 200 гектар жер Кытайга берилип кетти деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул жер Нарын эркин экономикалык аймагынан биргелешкен кыргыз-кытай компаниясына 49 жылга ижарага берилгендиги маалымат жыйында айтылды. 

Маалыматка караганда, бөлүнгөн жерге индустриалдык соода логистикалык борборун куруу аракети көрүлүүдө. Соода комплексинде ондогон завод, фабрикалар курулуп, 15 миңге чейин жумушчу орундар түзүлөрү айтылууда.

Гүлнур Сманбекова, "Биринчи радио"