Жаңылыктар
Акчадан жок, же эмеректен жок калган Караколдогу кесиптик лицей
Аймак
Акчадан жок, же эмеректен жок калган Караколдогу кесиптик лицей

Мамлекет кесиптик техникалык окуу жайларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Бул багытта Каракол шаарындагы №2 кесиптик лицейге былтыр үч миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, жатакана, ашканасын толук оңдоп, эмеректер менен жабдууга багытталган. Окуу жайдын жетекчилигинин айтуусунда, тендерден өткөн жеке ишкер менен келишим аткарылбай, көйгөй жаралууда.

Каракол шаарындагы №2 Жамангул Тойгонбаев атындагы кеситик лицей бүтүрүүчүлөрдү 12 адистик боюнча даярдап чыгарат. Учурда анда 468 студент билим алат. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында мамлекеттен үч миллион эки жүз миң сом бөлүнгөн. Буга окуу жайдын жатаканасы толук оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн. Эмеректерин жаңылоо үчүн 2018-жылдын декабрь айында эле тендер жарыяланган. Бирок, эмеректер келбей, көйгөй жаралды.

Окуу жайдын жетекчилигинин маалыматы боюнча, бардык керектүү эмеректерди алууга жалпы 449 миң 600 сомго тендер жарыялаган. Келишимдин шарттарына ылайык, тендерден жеңген жеке ишкер 2019-жылдын башында жабдуулар менен камсыздамак. Бирок ушул күнгө чейин дайыны жок. Жеке ишкерге кайрыла берип тажаган тарап, анын акыркы убадасы 2019-жылдын 15-ноябрына чейинки мөөнөт эле дешет.

Санжар Монокбаевдин бышпаган убадасынан чарчаган лицейдин жамааты биздин канал аркылуу тиешелүү органдарга жардам сурап кайрылышкан. Экинчи тараптын пикирин угууну көздөп барганыбызда, жеке ишкер ордунда жок болуп чыкты. Же жарым миллион сомго чукул акчадан жок, же эмеректен жок калган окуу жай Каракол шаардык прокуратурасына кайрылуу жолдоду.