Жаңылыктар
"Дельфин" спорт жайынын оңдоо иштери аксоодо
Кыргызстан жаңылыктары
"Дельфин" спорт жайынын оңдоо иштери аксоодо

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов "Дельфин" спорт жайынын оңдоо иштерине ыраазы эмес. Ал 18-майда бассейнде жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышып, сметалык долбоорду кайрадан карап чыгып, тиешелүү башкармалыкка жаңыдан тендер жарыялап, заманбап технологиянн негизинде оңдоону тапшырды.

Калаа башчысы Албек Ибраимов олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинине караштуу "Дельфин" бассейнин оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Ибраимов оңдоп-түзөө иштерине ичи чыкпаганын айтып,  сметалык долбоорду кайрадан бассейндин талаптарына ылайыктап жасап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Бишкек мериясынын басма-сөз катчысы Гуля Алманбетованын айтымында, шаар башчысы тендерге жергиликтүү эле эмес, жаңы, заманбап технологияны колдоно турган чет элдик компанияларда катыштыруу зарылдыгын айткан.

Андан сырткары Бишкек мери бассейндин баа тарифи тууралуу маселени кайра карап, спорт комплекс ишке киргенде калаадагы жакыр үй-бүлөлөргө бааны арзан коюп берүүсүн тапшырды деп кошумчалады Гуля Алманбетова.

"Дельфин" бассейни 2013-жылы оңдолуп башталып, белгисиз себептерден улам токтоп калган. Сметалык баасы 74 млн. сом болгон долбоор быйыл кайрадан жанданды  - деп билдирди Бишкек мериясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Султан Усенов.

Жай аптабында Борбор калаанын тургундарын шаардагы бир нече жеке менчик жана өкмөттүк бассейндер сергитет. Алардын бири да эл аралык талаптарга жооп бербестигин эксперттер айтып келет. Ал эми жайкы сууга түшүү сезону 26-майдан кийин башталып, шаардагы бассейндер жана көлмөлөр иштеп баштайт.

Калаадагы менчик бассейндердин биринин менеджери  Сергей Кузнецов эс алуу комлексинде аквапарк, балдар бассейни жана чоңдор үчүн өзүнчө бассейндер бар экенин айтат. Суунун тазалыгы күнүнө 3 жолу текшерилип, 5 ар түрдүү химиялык тазалоочу заттар кошулуп турат.

“Биздин аквапаркта 5 бассейн бар. Балдар бассейн,  чоңдор үчүн бассейн жана спорттук иш –чараларды өткөрүү үчүн өзүнчө бассейн. Сууга 5 түр химиялык заттар кошулуп тазаланып турат жана күнүнө 3 ирэт  текшерүүдөн өтүп турат”.

Ал эми Бишкек шаардык санитардык эпидемиялык станциясы тарабынан борбордогу бардык бассейндердин сууларынын сапаты көзөмөлгө алынып турат. Суулары убагында алмаштырылбаса же талапка жооп бербесе эскертүү берилип, айып салынат. Бирок калаа айланасындагы көлмөлөрдүн абалы өтө начар экендиги эч кимге жашыруун эмес. Акыр-чикирлер тазаланбай, айрымдары таптакыр кароосуз калган.

С. Идирисов, “Биринчи радио”