Жаңылыктар
КР - РФ: Кайчылаш жылга карата иш-чаралар Москвада расмий ачылат
Саясат
КР - РФ: Кайчылаш жылга карата иш-чаралар Москвада расмий ачылат

Кыргызстанда Россия Федерациясынын жылы ал эми Орусияда Кыргызстандын жылына карата уюштурулуп жаткан иш- чаралар февраль айынын экинчи жарымында Москва шаарында расмий ачылат. Ал эки мамлекеттин президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин катышуусунда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Айтымында, маданий иш-чаралардын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргызстандын 200дөн ашык маданият кызматкерлери катышып, өнөрлөрүн тартуулашат. Маданий бөлүк Москвадагы Чоң театрда өтөт. 

Ошол эле учурда Орусияда эмгектенип, билим алып жүргөн мекендештерге да атайын концерттик программа тартууланмакчы. Бүгүнкү күндө уюштуруу комитеттери түзүлүп, иш-чаралардын планы бекитилген, - деди Жаманкулов. Кайчылаш жылдын жабылыш аземи сентябрь айында Кыргызстанда өтөт.